Балыкчыда эмерек жасалган имарат өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 16-июль күнү саат 07:00 чамасында Балыкчы шаарынын Өмүр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн устаканасы (эмерек жасоочу) күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 07:20 да чектөөгө алып 07:41де толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпысынан 40 чарчы метр устакана күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн