Балыкчыда кримтөбөл алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Б. кармалган.
Буга чейин Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына Ысык-Көл облусунун тургуну кайрылган. Ал алдамчылык аракеттеринин натыйжасында 3 миллион сомдон ашык материалдык зыян тартканын билдирген.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү «кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманып, Балыкчы шаарындагы криминалдык авторитет» экендиги аныкталган.
Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы каралганга чейин Балыкчы РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн