Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баңгизат кылмышына шектелип издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну Бишкектен кармалды

Баңгизат кылмышына шектелип издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну Бишкектен кармалды


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңги кылмышын жасоого шектелип, көптөн бери издөөдө жүргөн жаранды кармашты.


ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын ноябрь айында Баткен районунун аймагында жаран “М” 2 кг “гашиш” баңгизатын “жасалма сатуучуга” саткан. Бирок, баңгизат саткан жаранды кармап, тергөөгө жеткирүү мүмкүн болгон эмес. Шектүүнүн өздүгү такталып, ал Баткен облусунун тургуну 1979-жылы туулган К.А. болуп чыккан. Биринчи май райондук сотунун токтому менен жаран К.А. издөө жарыяланган.

 

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн жаран К.А. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды.


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде, кармалган жаранга карата Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн