Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бардык мектептерде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды

05.08.2020 15:46
1331
Бардык мектептерде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды


2020-жылдын 1-августунан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды. Учурда ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо жана мониторинг жүргүзүлүүдө.


Республикалык штабдан кабарлашкандай, ар бир регионго балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана уюлдук телефондор менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды.


Ар бир мектеп билим берүү уюмунда санитардык нормаларды так сактоо менен окуу китептерин 2020-жылдын 25-августуна чейин өз убагында берүүгө милдеттүү.


2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде менчик формасына карабастан, бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө талаптарды койбоо чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн