Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

«Барселона» Борбор Азия легендаларын 3:0 эсебинде жеңди

30.08.2023 22:52
840
«Барселона» Борбор Азия легендаларын 3:0 эсебинде жеңди


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселона” менен Борбор Азиянын легендаларынын футболдук беттеши өттү.

Оюн "Барселона" командасынын жеңиши менен аяктады.

Биринчи таймда "Барселона" командасынын футболчусу Ривалдо эсепти ачып, 26-минутада Азия командасынын дарбазасына гол киргизди.

Андан соң 37 минутада кайрадан испаниялык команданын оюнчусу Хуан Пабло Сорин экинчи голду киргизди.

Ал эми экинчи таймдын акыркы минуталарында каталониялык команданын футболчусу Хавьер Савиола атаандаштарынын дарбазасына топ тээп, эсепти 3:0гө өзгөрттү.

Азия командасынын курамында ойногон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров биринчи таймдын орто ченинде оюн талаасын таштап кетти.

Оюнга Бахадыр Кочкаров, Равшан Ирматов жана Абдухамидулло Расулов калыстык кылды.

Эске салсак, "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта жана каталониялык команданын экс-оюнчулары 28-августта аталган клубдун Жалал-Абаддагы футбол академиясынын ачылышына, ошондой Бишкекте Барселона академиясынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышуу үчүн учуп келишкен.

Күн мурун, 29-августта салтанаттуу жагдайда Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачылса, бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында испаниялык клубдун академиясынын курулушуна капсула салынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн