Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 08:41
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Башкы прокуратуранын алдында Юридикалык академия ачылды

20.01.2025 15:02
180
Башкы прокуратуранын алдында Юридикалык академия ачылды


Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын алдындагы Юридикалык академиянын ачылыш аземи өттү.

Президент өз сөзүндө белгилегендей, Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы заман талабына жооп берген кесипкөй юристтерди, сот кызматкерлерин даярдаган заманбап окуу жай болмокчу.

"Башкы прокуратуранын өзүнчө Юридикалык академиясынын ачылышы маанилүү тарыхый иш-чара. Учурда заман шартына жараша кесипкөй, компетенттүү адистерге суроо -талап өсүүдө. Билим менен тажрыйбаны айкалыштырган мыкты адистерди академия даярдайт деп күтөбүз", - деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, академия прокуратура, юстиция, укук коргоо жана сот органдарынын кадрларын даярдоо системасын өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн