Адамдардын жашоосу жана укугу кол тийгис болушу керек. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ал УКМК тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун окуй элек.
"Мен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору менен тааныша элекмин.
Бирок ар дайым адамдын жеке жашоосу жана укугу кол тийгис болушу шарт.
Тыңшоолор жалаң соттун уруксаты менен жүргүзүлүшү керек",- деди Зулушев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн