Теке 04, 2024
Убакыт: 04:08
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Баткен: 20 киши жаракат алганы кабарланды

29.04.2021 17:01
829
Баткен: 20 киши жаракат алганы кабарланды


Ушул тапта Баткен облусунун аймактык ооруканасына жарадар болгон 7 жаран жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын экөөсүнүн абалы оор.

“Жай тургундар эвакуацияланды, атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучунун келиши күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн