Кулжа 02, 2025
Убакыт: 09:44
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.095
1.135

Баткенде 4 өзбек жараны бара жаткан унаа жарылып кетти

07.12.2022 09:39
911
Баткенде 4 өзбек жараны бара жаткан унаа жарылып кетти

Кадамжай районунда өзбек жаранынын айдаган автоунаасы жарылып кеткен.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


      2022-жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00дөр чамасында өзбек жараны “Деу-Лассети” үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.


     Жарылган унаада жалпысынан 4 өзбек жараны болгон,  жабыркагандар жок.


    Бул факты Кадамжай районунун маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн