Кулжа 29, 2024
Убакыт: 01:32
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

Баткен: Акыркы маалыматтар боюнча 136 турак үй талкаланып, өрттөлгөн

06.05.2021 21:09
902
Баткен: Акыркы маалыматтар боюнча 136 турак үй талкаланып, өрттөлгөн


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы эсептөөлөрү боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында 136 турак үй жана 84 социалдык объект өрттөлүп жана кыйроого учураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


"Өрттөлгөн жана талкаланган объектилердин арасында бир мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир медициналык пункт, бир стоматология, эки дарыкана, бир китепкана, 27 май куюучу жай, 34 дүкөн, беш ашкана, үч ресторан, ошондой эле алты мамлекеттик имарат бар”, - деп билдирди аталган мекемеден.


Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын комиссиясы келтирилген чыгымдарды эсептөөнү улантууда.


Эске салсак, чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болду, анын ичинде жаш балдар да бар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн