Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен: Чек арада абал курчуп, аялдар жана балдар мечитке жайгаштырылды

29.04.2021 09:08
1135
Баткен: Чек арада абал курчуп, аялдар жана балдар мечитке жайгаштырылды

Бүгүн, 29-апрелде Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чыры кайрадан күчөп абал кооптуу болууда. Эртең мененки намаздан кийин эле тажик тарап ок чыгара баштаган. Азыркы тапта улам-улам ок атылып, ташбараң болууда. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди. 


Маалым болгондой, азыркы учурда аялдар жана жаш балдар айылдын мечитине жайгаштырылган. Анткени мечит аз болсо да коопсуз. 


Күч органдары билдиргендей, Самаркандек айылынын 1991-жылы туулган жараны жаракат алган. Төрт-Көчө жабык болгонуна байланыштуу аны Лейлек аймактык ооруканасына алып кетишкен. 


Мамлекеттик органдар тажик тараптын расмийлерине абалды көзөмөлдөө боюнча байланышканда алар жооп беришкен эмес.


Исфана-Ош каттамы боюнча жүргүнчүлөр токтотулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн