Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткен: Чек арада милиция кызматкерлери иш алып барууда

15.12.2022 11:11
658
Баткен: Чек арада милиция кызматкерлери иш алып барууда

Баткенде чек ара аймактарында милиция иш-чараларды өткөрүүдө.  Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


      Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында кулмуштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


     Милиция кызматкерлери чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал жандыктарына сак болууга эскертүүлөрдү берип, чек ара тилкелериндеги сатуучуларга пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганын белгилеп, коопсуздукту көзөмөлдөөдө.


    Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери Раззаков-Ош автожолундагы Төрт-Көчө участкасында жол кырсыктарын алдын алуу, мал уурулуктарга жол бербөө багытында иш алып барууда.

    Чек ара аймактарында кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин биргелешкен кайгуулдары уюштурулуп, күнү-түнү коомдук коопсуздук колго алынып, абал көзөмөлдөнүүдө.

   

2022-жылдын 10-декабрынан 15-декабрына чейинки аралыкта жалпысынан 157 автоунаа текшерилип, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 40 айдоочуга протокол толтурулду. Ал эми сутка ичинде жол эрежесин сактабаган 8 айдоочуга протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн