Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткен: Чек арада жашаган кыргыз-тажик аксакалдары жолугушту

11.02.2022 15:50
951
Баткен: Чек арада жашаган кыргыз-тажик аксакалдары жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы аксакалдары жаштарды ынтымакка чакыруу керектигин айтышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Бүгүн, 11-февраль күнү Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек жана Паскы-Арык айылынын аксакалдары менен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Чорку айылынын жана Фердавси участогунун аксакалдары жолугушту. Бул жолугушууга жалпысынан 150 жакын аксакал катышты. 

   

 Жолугушуунун максаты эки элдин ортосундагы мамилени калыбына келтирип, мындан ары чек ара маселеси чечилмейинче чыр-чатакка жол бербөө, эки тарап өз айылындагы жаштарды ынтымакка чакыруу, чагымчыл маалыматтарды таркаткандарга чара көрүү. Жолугушууда аксакалдар эки элдин ынтымагын бекемдеп, спорттук иш-чараларды өткөрүп турууну туура көрдү. 


    Бул жолугушуу Баткен РИИБнин жана Исфара-2 РИИБнин жетекчилери аркылуу демилгеленип өткөрүлүүдө. Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Соманен, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушуп ынтымакка келишкен.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн