Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 08:04
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Баткен: Чек арадагы маселени чечүү үчүн реалдуу кадамдар жасалууда

30.04.2021 16:13
876
Баткен: Чек арадагы маселени чечүү үчүн реалдуу кадамдар жасалууда


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки тарап тең бир-бирине пикирлерин ачык айтып, кырдаалды турукташтыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасап жатышат.

Облус башчылары буга чейин макулдашкандай, биринчи кезекте ок атууларды толугу менен токтотууну жана кагылышуулардан жапа чеккен аймактардан өздөрүнүн аскердик күчтөрүн алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүшүүдө.

Ошондой эле эки тараптан тең тосулган унаа жолдорун ачып, каттамды калыбына келтирүүнү сүйлөшүштү.

Азыркы тапта аймакта ок аткан учурлар жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн