Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Баткен: Элден чогулган акчанын 138 миллиону кенемте катары таратылды

31.10.2022 09:15
260
Баткен: Элден чогулган акчанын 138 миллиону кенемте катары таратылды

Баткенде чек арадагы куралдуу кол салуудан кийин ачылган атайын эсепке элден 330,75 миллион сом чогулду жана анын 138 милиондон ашыгы жабыркагандарга кенемте катары таратылып берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-октябрда Баткенде өткөргөн жыйында айтылды. 


Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров кыйраган турак жайларды калыбына келтирүү, курулуш жай жүрүп жатканын сынга алды, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти.


"Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте кабыл алынат, дагы бир маселе – алардын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылышы. Кечээ мен курулуш иштери менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз", - деген Жапаров.


Баткенди калыбына келтирүүгө бөлүнөт деген 4-8 миллиард сомдун 4,1 миллиарды тиешелүү мекеме-органдардын эсебине түштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн