Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

05.12.2022 12:48
383
Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев дем алыш күнү Көк-Таш, Аксай жана Капчыгай айылдарына барып, коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келди. Бул тууралуу облус башчысы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтуусуна караганда, жалпысынан алганда учурда чек арада абал тынч.


"Иш сапарымда чек арада кызмат өтөп жаткан чек арачылардан кабар алып, аларга өз белегимди тапшырып, Аксай айылындагы чек ара заставасына кирип, жоокерлер менен маектештим. Мекенге ак кызматын арнаган жоокерлердин жашоо турмушу, алардын абалы боюнча сурашып, күч-дем берип, ийгилик каалап кайттым", - дейт облус башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн