Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткен, Нарын жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринде медициналык факультеттер ачылат

24.05.2023 16:11
730
Баткен, Нарын жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринде медициналык факультеттер ачылат

 Кыргызстандын үч облусундагы мамлекеттик университетте медициналык факультет ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, региондордо медициналык кызматкерлер жетишсиз.


"Бирөө Нарын мамлекеттик университетинде түзүлөт. Себеби Ак-Талаада эле 24 дарыгер жетишпейт, Бишкекке келип окуган медик кайра айылына барбайт. Кийинкилери Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде ачылат. Эки айдын ичинде клиникаларын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап 1-сентябрда 200-300 студентке чейин кабыл алышы керек. Ошолор эле университеттин бюджетин 30-60 млн сомго көбөйтө алат", — деди министр.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн