Теке 04, 2024
Убакыт: 03:54
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Баткен: Тажик тарап снайпер менен аткылады

01.05.2021 14:33
1003
Баткен: Тажик тарап снайпер менен аткылады


Баткендеги чек арага жакын айылдарда абал курч. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди, деп жазды turmush басылмасы.

«Биз Көк-Таш айылына барып кайра кайтып келдик. Келишим болду дешти. Андан кийин да тажиктер жолго шагылдарды төгүп, Төрт-Көчөнү жаап алды. Бийликтеги чоңдор тажиктерге алданбагыла, көзүңөрдү ачкыла. Биздин басып келишсе жата береби бийликтегилер? Кечээ мен өзүм Көк-Ташта согушта болдум. Менин алдымда биздин танкты гранатомет, миномет менен атып жатса офицер атканга бербей, танкисттер «бизге буйрук жок, ата албай жатабыз», - деп ыйлады. Танкисттер жатып, аларды биз сууруп чыктык.

Дайыма тажиктерге алданасыңар. Чыр-Дөбө деген жер. Мен ошол жерге аскерлерди ээрчитип бардым. Аскерлер тажиктерге аткылап ал жерден түшүрсө «биз сүйлөштүк, «отменить» деп биздин аскерлерди түшүрүп коюшту ал жерден. Мына кайрадан ал жерге тажиктер чыгып алып снайпер менен аткылап кууп жатат», - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн