Муфтият тарабынан Баткен облустук мусулмандар казыятына 4229 даана Куран китеп берилди. Ал Баткен облусундагы мечит-медреселерге таратылат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Куран китебинин алгачкы бөлүгү Баткен шаардык жана Баткен райондук хатибиятына, шаардагы медреселерге, имамдарга облус казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун катышуусунда өткөн чакан жыйында тапшырылды.
11-сентябрда Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан муфтиятка 16 тонна Куран китеби келген. Ал китептер муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка, диний окуу жайларга, өлкөнүн бардык мечиттерге таратылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн