Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленди

26.10.2022 11:21
564
Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленди

Баткен шаарында Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.


Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган мекеме ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.


Эскерүү иш-чарасы алгач эстеликке гүлчамбар коюу менен башталып, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен коогалаңын кайгыруу менен эскерип, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, эрдиктери баа жеткис экенин баса белгиледи.


Андан соң, курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду.


Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салып, ага жалпысынан 400дөн ашык киши катышып, коогалаңда 53 киши курман болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн