Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:22
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Баткен менен Ошто бир катар унаа жолдор жабык (тизме)

15.07.2024 11:09
106
Баткен менен Ошто бир катар унаа жолдор жабык (тизме)


Сел жүргөн Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондорунда жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад – Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы), Ноокат-Араван (9-чакырымы), Мырзаке – Кара-Шоро (49-51-чакырымдар аралыгы) унаа жолдору убактылуу жабык. Жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатат.

"Ак-Терек – Папан – Кожокелең (1-чакырымы), Ош – Төлөйкөн (7,4 жана 8,5-чакырымы), Топ-Жаңгак – Кара-Суу, Тамаша – Кызыл-Булак (7 жана 16-17-чакырымдар аралыгы), Бишкек – Ош (660-чакырымы), Ош – Баткен – Раззаков (63 жана 57-58-чакырымдар аралыгы), Ош – Сары-Таш – Эркечтам (42-44-чакырымдар аралыгы) жана башка сел жүргөн унаа жолдор тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта бир тараптуу болгон жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө”, - деп белгилешти министрликтен.

Эске салсак, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам 13-17-июль күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү маалымдалган. Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүп жаткандыгы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн