Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 20:57
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Баткен менен Согди облусу сугат сууну график менен бөлүшүп колдонмой болду

16.06.2021 18:34
1657
Баткен менен Согди облусу сугат сууну график менен бөлүшүп колдонмой болду




Бүгүн 16-июнда Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара райондору чектешкен тилкеде чек аралаш облустардын башчыларынын жолугушуусу өттү.


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү кабарлагандай, жолугушууга Баткендин жетекчиси Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жетектеген делегациялар катышты.


Жолугушууда чек арадагы айылдардагы соңку апта ичиндеги кырдаал талкууланып, коңшу эки эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл маалыматтарды таратпоо, чек арада маселе жаралса тийиштүү кызматтардын ыкчам аракет көрүүсү, жергиликтүү тургундардын коопсуздугу тууралуу сөз жүрдү.


Жолугушуу жыйынтыгында, эки тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдан сууну график менен бөлүп алып, колдонуу келишимине жетишти. 


Азырынча сууну кайсы тарап канча көлөмдө колдонору тууралуу так маалымат бериле элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн