Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткен облусунун администрациясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жардам көрсөттү

03.12.2021 17:34
842
Баткен облусунун администрациясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жардам көрсөттү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “3-декабрь- Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү” жөнүндө атайын буйругу чыгарылган. Ага ылайык, 2021-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин Баткен облусунун аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланган. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аталган бир айлыктын алкагында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Мурзаева облус аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан кабар алып материалдык жардам көрсөттү.


Жалпысынан материалдык колдоо, облус аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыптандыруу борборлоруна, мектеп интернаттарына , жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине көрсөтүлдү.


Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 20 796 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Алардын ичинен 18 жашка чейинки майыптар- 2798, жалпы ооруунун майыптары- 1041, бала чагынан майыптар 2886, социалдык фонддо каттоодо турган майыптар-14 071 жаранды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн