Алимбаев Абдикарим Карбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин Алимбаев Башкы штабдын башчысы - Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болгон. Ал 1973-жылы туулган.
Ага чейин бул кызматты Өмүрбек Суваналиев ээлеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн