Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткен облусунан 300гө жакын бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

24.07.2023 10:13
455
Баткен облусунан 300гө жакын бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү


Кечээ, 23-июлда Баткен облусунан Ысык-Көлгө эс алууга 293 бала жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдарды узатууга президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

"Балдардын эс алуусу акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо макстында мамлекет тарабынан уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аларды 17 мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти. Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-балалык” ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн