Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен облусунда эвакуацияланган 92 миң жаран үйлөрүнө кайта баштады

Баткен облусунда эвакуацияланган 92 миң жаран үйлөрүнө кайта баштады

Бүгүн, 26-сентябрга карата Баткен облусунда эвакуацияланган 92 миң жаран үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


    Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 92 521 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.


Баткен облусуна жалпы 1500,632 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 264,867 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1036,62 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 199,15 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө. 

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.


Алар:

- Ош облусунда – 44

- Жалал-Абад облусунда– 13;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 53;

- Чүй облусунда – 8;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 4.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн