Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:22
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Баткенде турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду

08.08.2023 15:43
406
Баткенде турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду


Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-августт контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушкан.

Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-жылы туулган Б.А. аттуу КР жараны 1 млн 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалган.

Аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткизилген жана бул факты документтештирилген.

Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн