Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:10
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде жеке коргоочу каражаттар чыгарылып баштады

13.08.2020 09:54
1275
Баткенде жеке коргоочу каражаттар чыгарылып баштады


Президент Сооронбай Жээнбеков 12-августта, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында «Cool bros» компаниясы текстиль фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Ишкананын директору Сүймөнкул Жолдубаев фабрика заманбап жабдуулар менен жабдылганын жана айына 500 миңге чейин тигүү буюмдарын өндүрүп чыгарарын маалымдады.


Азыркы учурда 350 киши жумуш орду менен камсыз болгон, келечекте бул санды 500гө чейин көбөйтүү пландалууда. Чыгарылган продукциялардын негизги бөлүгү Россия Федерациясынын рыногуна экспорттолууда.


Мындан тышкары, азыркы  эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен калк жана медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргоочу каражаттар чыгарылып  башталган. Сүймөнкул Жолдубаев ошондой эле, ушундай ишканаларды өлкөнүн бардык аймактарында ачуу боюнча пландары менен бөлүштү.


Мамлекет башчысы оор кырдаалда социалдык жоопкерчиликтүү ишкерлер четте калбай жана пандемия менен күрөшүүгө өздөрүнүн салымдарын кошуп жатканын канааттануу менен билдирди.


Президент Сооронбай Жээнбеков мындай демилгелер мамлекеттик түзүмдөр тарабынан ар дайым колдоо табарына ишендирди. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн