Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Баткен облусундагы чек арага чектеш жайгашкан айылдарга таза суу тартылат

15.06.2023 10:50
746
Баткен облусундагы чек арага чектеш жайгашкан айылдарга таза суу тартылат


Баткен облусундагы чек арага чектеш жайгашкан Капчыгай жана Достук айылдарына таза суу тартылат.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда Капчыгай айылында ичүүчү таза суу долбоору ишке ашууда. Курулуш үчүн республикалык бюджеттен 17 млн 179 миң сом каралган.

"Ушул тапта курулуштун 70 пайызы бүтүп калды. Беш чакырым аралыкка суу түтүктөрү жаткырылды. Курулуштун аякташы менен 100 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ушундай эле таза сууну жеткирүү долбоору Достук айылында аткарылууда, ал үчүн бюджеттен 21 млн 444 миң сом каралган. Жумуш 80 пайызга аяктап калды. Натыйжада 59 үйгө таза суу кирет.

Курулуш иштери толугу менен аяктаса, июль айынын аягында эки айылдын тургундары таза суу менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, жасалып жаткан жумуштар 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан соң Капчыгай жана Достук айылдарын жаңыдан куруу боюнча башкы планга ылайык ишке ашууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн