Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткен облусунун аким жана орун басарлары аттестациядан өттү. Кимдер өтпөй калды?

15.03.2021 22:30
2429
Баткен облусунун аким жана орун басарлары аттестациядан өттү. Кимдер өтпөй калды?


15-мартта Мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы атайын комиссия Баткен облусундагы мамлекеттик администрациялардын жетекчилигинин аттестациясын өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.


Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Баткен районунун акими Орозов Акылбек Курбанбекович 60 суроонун ичинен 29го туура жооп берип, 29 упай топтоду. Ал экинчи турга өтпөй калды.


Анын биринчи орун басары Набиев Адыбек Асанович 60 суроонун 44 суроосуна жооп берип, 49,4 упай топтоп, экинчи турга өттү.


Акимдин орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровна 38 суроого жооп берип, жалпы 43,4 балл топтоду.


Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу, акимдин орун басары Жакпаров Абдыманнап Эргешович аттестациядан өтүүдөн баш тартты, акимдин орун басары Асанова Мээринса Мийзамовна 39 суроого жооп берип, жалпы 46,2 балл алды. Ал экинчи турга өттү.


Лейлек районунун акими Баймуратов Бекмурат Асатович 39 суроого жооп берип, 46,8 упай топтоп, экинчи турга өттү. Анын биринчи орун басары Ташбалтаев Абдирашит Каримович 45,8 упай топтоп (60тан 38 суроого жооп берди) жана экинчи турга өттү.


Акимдин орун басары Керимбердиева Максатай Мамытбековна 39,3 упай топтоп (60тан 34 суроого жооп берди), ошондой эле экинчи турга өттү.


Экинчи турда алар менен маектешүү болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн