Өлкөбүздүн Сейсмология институтунун маалыматы боюнча бүгүн, 15-июнда түнкү саат 2:24тө Өзбекстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жер титирөөнүн күчү Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Чечек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн