Кече, 7-сентябрь КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, облустук мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Алгач облус башчысы жыйында шаардын тазалыгы боюнча кеп салды. Тазалык ишканасы шаардын аймагында жеткиликтуу иш алып барбай жаткандыгын айтып, шаар мэрине аталган кызматтын жетекчисине чара көрүүнү тапшырды.
Жыйындын жүрүшүндө айрым мамлекеттик делген жерлер кезинде жеке менчиктерге өтүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштеп калгандыгын айтып, шаар мэрине тез арада аныктап, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдалануу боюнча иш аракеттерди жүргүзүүнү талап койду.
Андан соң жыйын суроо-жооп, сунуштар менен коштолду. Жергиликтүүлөр шаар тургундарына турак жай маселеси чечилбей жаткандыгы, Тазалык ишканасына атайын техникаларды алуу, жол белгилери, Шаардагы мыйзамсыз көмүр казып жаткандар боюнча жана башка шаардагы социалдык маселелерди көтөрүштү.
Облус башчысы эл тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү делген маселелерди чечүү боюнча облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине жеринде тапшырмаларды койду. Мындан сырткары бул жыйында көтөрүлгөн маселелердин көпчүлүгү шаардык мэриянын аракети менен чечиле турганын айтып, шаар мэрине ыкчам иш чараларды аткарууга алууну тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн