Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткен облусунун башчысы Тажикстанды чек арадагы абалды курчутпоого чакырды

01.02.2022 17:00
694
Баткен облусунун башчысы Тажикстанды чек арадагы абалды курчутпоого чакырды

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзоданы чек арадагы абалды курчутпоого чакырды. Бул тууралуу Алимбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, чек ара боюнча маселеге акыркы чекитти мамлекеттик комиссия гана коёт.


"Мамлекеттик чек араны эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн өкмөттүк комиссиялар гана чече турганын баса белгилегим келет.

Облус башчыларынын милдети чек арадагы элдин коопсуздугун сактоо жана эки өлкө ортосунда конфликттерге жол бербөө болуп саналат.

Мен тажик тарапты чек арадагы абалды курчутпоого дагы бир жолу чакырам",- деди Алимбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн