Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткен облусунун башчысы аткезчиликке каршы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

30.03.2022 15:26
839
Баткен облусунун башчысы аткезчиликке каршы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш аракеттер боюнча кеңешме өткөрүп, тийиштүү органдардын маалыматын укту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, алдын алуу боюнча атайын рейддерди жүргүзүү, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөн жарандарды аныктоо менен, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.


Белгилей кетсек, жыл башынан бери Баткен облустук Бажы кызматы тарабынан аткезчилик жана бажы эрежелерин бузган 76 факты аныкталып, келтирилген зыяндар мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.


Буга чейин Баткен облусунун аймагында КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча берген тапшырмасынын негизинде көзөмөлдөп өткөрүүчү атайын жайлар түзүлгөн.


Координациялык кеңешменин жүрүшүндө президенттин маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчилике жол бербөө багытында чыккан Жарлыгынын аткарылышы боюнча да жасалып жаткан иш аракеттер талкууланды.


Аталган жарлыктын аткарылышы боюнча Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов, жер-жерлердеги айыл тургундарына жеткирүүдө милиция кызматкерлери үзгүлтүксүз иш алып барып жаткандыгын жана район борборунан алыс жайгашкан тоолуу аймактарга милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы туурасында маалымат берип өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн