Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткен окуясында курман болгондордун элесине Куран окутулду

27.10.2022 09:43
234
Баткен окуясында курман болгондордун элесине Куран окутулду

Бишкек шаарынын райондорунда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, иш-чарага курман болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле Баткен окуясынын катышуучулары чакырылды.


Район башчылары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакын туугандарына көңүл айтып, ошондой эле ошол окуяларга катышкан жана азыркыга чейин Ата Мекенге кызмат кылып жаткан аскерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.


Белгилей кетсек, социалдык өнүктүрүү департаментинде Баткен окуясынын 388 катышуучусу каттоодо турат, аларга 2 миң сомдон бир жолку материалдык жардам төлөнөт. Курман болгон жоокерлердин 10 үй-бүлөсү 10 миң сомдон, майыптык алган 2 катышуучу 5 миң сомдон алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн