Баткен шаарында бүгүн, 2022-жылдын 6-декабрь күнү милиция кызматкерлеринин демилгеси менен шаар жаштарынын жүрүшү уюшулду. Жөө жүрүш “Зомбулуксуз жашоо” аталышында болуп, ага 200дөн ашык мектеп окуучулары, студенттер катышты.
Милиция кызматкерлери бул жөө жүрүштү жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле жаштарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында уюштурду.
Иш-чарага активдүү катышкан жаштар түрдүү темаларда лозунгтарды көтөрүп, Баткен шаарын Жибек жолу көчөсүнөн Т.Садыков көчөсүнө дейре жөө жүрүш жасашты.
2022-жылдын 11 ай ичинде балдар тарабынан же балдарга карата зордук-зомбулук фактылары катталган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн