Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташат

09.06.2023 12:06
580
Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташат


Баткен жана Фергана облусунун ишкерлери кызматташат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун ишкерлерден турган делегациясы Өзбекстандын Фергана облусуна барышкан. Делегацияны КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор жетектеди.

Фергана облусунун ишкерлер үйүндө өткөн жолугушууда Фергана жана Баткен облустарынын ишкерлери инвестициялык жана соода экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын талкуулашты.

Андан соң ишкерлер өз багыттары боюнча Фергана, Маргилан, Кувасай шаарларындагы жана бир катар райондордогу өнөр жай, айыл чарба, курулуш, текстиль жана башка багыттардагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жыйынтыгында эки облустун ишкерлери кызматташуу боюнча бир канча келишимдерге кол коюуга жетишти.

Бул иш-чаралар 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында бекитилген КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен ӨР Фергана облусунун хокимиятынын ортосунда 2023-2025-жылдарга кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программаны («Жол Картасы») ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн