Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткен жана Согди облусунун жетекчилери 10 пункттан турган протоколго кол койду

19.03.2021 08:44
584
Баткен жана Согди облусунун жетекчилери 10 пункттан турган протоколго кол койду

17-18-март күндөрү өкмөттүн Баткен облусундагы башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажик Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолукту. Жолугушуу Тажикстандын Гулистон шаарында өттү.


Жетекчилер чек аралаш аймакта акыркы орун алган окуяларды, эки тараптан тең, чек араны мыйзамсыз басып өтүү боюнча кармалган жарандардын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди аткарууга алуу жагын белгилешти.


Бул жолугушууда Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө менен, чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.


Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту.


Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, кошуна эл катары, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артаарын билдиришти.


Облус башчылары пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылгандыгын, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча бир пикирге келишти. Анткени пандемия шартында жашоого, кызматташууга үйрөнүү, учур талабы дейт жетекчилер. Мындан улам Лейлек районундагы “Кулунду”, “Кайрагач”, Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү макулдашылды.


Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынаары, мыйзамсыз иш аракеттерге катуу чаралар көрүлөөрү айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн