Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:21
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Баткенде 10 ата-энесиз балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

16.02.2022 11:01
568
Баткенде 10 ата-энесиз балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

Баткен районунда 10 жетим жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.


Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимге сунуш келтирилген.

 

Сунушту кароонун жыйынтыгы менен, Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 3 балага (А.у.У., П.А., Т.Б.), Суу-Башы айыл өкмөтү тарабынан 2 балага (Б.у.Э., К.Ж.) жана Ак-Татыр айыл өкмөтү тарабынан 5 балага (И.у.А., Ү.к.Т., И.к.К., Т.Н., И.Э.), жалпы 10 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып, прокурордук сунуштун негизинде “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалы тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтер акысыз жасалып берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн