Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:14
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Баткенде 10 млн сомго жаңы көпүрө салынды

01.11.2022 16:11
520
Баткенде 10 млн сомго жаңы көпүрө салынды

Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталынын Бакай-Ата участкасында 10 млн 700 миң сомдук жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, көпүрө ӨКМ тарабынан курулган. Анын узундугу 15 метр, кеңдиги 12 метр, эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөгү менен кошо курулду.


"Сел өтүүчү сай аркылуу айрыкча жаан-чачын көп жааган жаз айларында сел келип, жол каттамы үзгүлтүккө учурагандыктан, шаардыктар үчүн жол каттамы түйшүк жаратып келген. Эми келерки жылга дагы шаарда сел өтүүчү сай аркылуу өткөн 2 көпүрөнү куруу планы каралууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн