Баткен шаарындагы Батырханов чоң каналына 11 жаштагы кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү бүгүн саат 10:59да түшкөн.
ӨКМден билдиришкендей, куткаруучулар жеткенге чейин чөгүп кеткен кыздын сөөгүн жергиликтүү тургундар суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Кырсык болгон жерге 11 куткаруучу тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн