Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Баткенде 16 кап өрүк уурдаган жаран кармалды

10.03.2023 11:32
322
Баткенде 16 кап өрүк уурдаган жаран кармалды

Баткенде мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткен районунун Боз-Адыр айлынын 47 жаштагы тургуну өзү жашаган турак үйүнүн ашканасынан 16 кап өрүгүн белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.


Бул факт Баткен РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Н.А. аныкталып кармалды.


Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын буга чейинки кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми уурдалган өрүк өз ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн