Теке 02, 2024
Убакыт: 01:51
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Баткенде 22 жаштагы келин дайынсыз болууда

13.04.2021 12:20
967
Баткенде 22 жаштагы келин дайынсыз болууда

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 22 жаштагы тургуну Закир кызы Айхан дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 12-апрелинде болжол менен саат 11:00дөр чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.


Өзгөчө белгилери: бою 150-155 см, ак жуумал, кашы-көзү кара.


Кийген кийимдери: үстүнө күрөң түстөгү көйнөк, астында күрөң түстөгү шым, башында ак түстөгү жоолук (хиджаб).


Облустук милиция сүрөттөгү келинди таанып билгендер болсо, анда төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт: 102; 03622 5-17-56; 0709 736 637; 0774 778 688

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн