Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

10.10.2023 11:54
754
Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду


Диний чөйрөдө алдын алуу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тиешелүү мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, топтун курамына УКМКнын, ИИМдин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, башкыархитектуранын өкүлдөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү киришти. Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп, белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний билим берүү мекемелеринде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн жоктугу эсептелет.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди. Мындан тышкары 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 материал Маалыматтарды каттоо журналына катталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн