Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:16
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткенде 405 адам селдин кесепеттерин жоюуга тартылды

11.07.2024 16:40
367
Баткенде 405 адам селдин кесепеттерин жоюуга тартылды


Баткенде 405 адам сел кесепеттерин жоюуга тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн саат 13:50гө карата Баткен районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар тартылып, калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылып жатат.

ӨКМден жалпы 131 куткаруучу, ИИМден 47 милиционер, “Тез жардам” кызматынан 35 медкызматкер, 4 бригада иштөөдө. Жергиликтүү тургундардан 150 адам кол кабыш кылышууда.

Ошондой эле Суу чарба, инженердик жана жаныбарларды коргоо кызматтарынын кызматкерлери, электриктер да жеринде иш алып барууда. Мындан сырткары 20дан ашык атайын техника сел кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Баткен районунда күн мурун жаандан келген сел суулары турак үйлөргө жана ички чарбалык жолдорго кирген. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, 137 тургун эвакуацияланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн