Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде 6 миң жашоочу үйлөрүнө кайта элек

Баткенде 6 миң жашоочу үйлөрүнө кайта элек

Бүгүн, 10-октябрга карата Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан эвакуацияланган жашоочулардын 6 миңден ашыгы үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланган анын ичинен 130 650 жаран туруктуу жашоочу жайларына кайткан.

Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларда-1145 жаран жайгашышкан, анын ичинен: 13-Ош шаарында, 17-Жалал-Абад облунда, 59-Ысык-Көл облусунда, 838-Чүй. 218-Баткен облусунда. Жарандардын үйлөрүндө-4975 жаран жайгашкан. 

Облус боюнча: 372 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 345 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 27 турак үй бузулуп тазаланган.


 Жалпы жумуштун көлөмү 103 926 м3 түзгөн, анын ичинен:

Баткен району боюнча: 322 турак үй жараксыз абалга келген, 271 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 253 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 18 турак үй, бузулуп тазаланып, көлөмү 87 156 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.


Лейлек району боюнча: 101 турак үй жараксыз абалга келген, 101 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 92 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 16 770 м3 курулуш таштандылары чыгарылды. 


Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гумжардам боюнча:

Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 

322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн