Баткенде соода борборунан дээрлик 600 миң сомдой акча уурдаган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы “Асылбек” соода борборунун 32 жаштагы С.С., аттуу сатуучусу милицияга арыз жазып, 16нан 17-мартка караган түнү белгисиз жарандар дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, ири суммадагы акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Арыз Баткен ШИИБне КР Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргөн.

“Мал ууру” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө кылмышка шектүү эки өспүрүм Бишкектен кармалган. Алар Баткен районунун 15 жаштагы Н.К., жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 18 жаштагы М.Ж., аттуу тургундары болуп чыккан.

Кылмышка шектүү өспүрүмдөр жеңил акча табуу максатында уурдалган акчага сатып алынган телефондор, кийим-кечелери менен тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Азыркы күндө тергөө иштери сотко жиберилген.