Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде Акылбек Жапаровдун катышуусунда "Баткенди өнүктүрүү" форуму башталды

14.10.2021 11:14
1096
Баткенде Акылбек Жапаровдун катышуусунда "Баткенди өнүктүрүү" форуму башталды

Бүгүн, 14-октябрда Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму башталды.


Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы - президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда


Белгилей кетсек, иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын gрезидентинин Жарлыгы алкагында Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтөт.


Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет.


Форумга 300дөн ашык адам катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн