Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 15:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткенде Чернобыль апааты эскерилди

25.04.2022 12:10
581
Баткенде Чернобыль апааты эскерилди



Баткен шаарында Чернобыль апаатынын 36 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган мекеме ишканалардын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Авариянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан жалпысынан 146 жаран катышкан. Анын ичинен бүгүнкү күндө 93 Чернобыль апаатынын катышуучулары арабызда.


Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев, Чернобыль АЭСиндеги трагедиялуу окуяны кайгыруу менен эскерип, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, Чернобыль апаатынын катышуучулары ар тараптан колдоого алынаарын белгиледи.


Иш-чаранын соңунда Чернобыль апаатында курман болгондорго багышталып куран окулду.


Белгилей кетсек, Украинадагы Чернобыль атом станциясында авария 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Бул жарылуунун кесепетинен реактивдүү зат аба менен постсоветтик кошуна үч өлкөнүн аймагын жана Европанын бир бөлүгүн булгаган. Ал жүз миңдеген адамдарды жабыркатып, миңдеген куткаруучулар дартка чалдыгып, майып болуп калышкан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн