Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде Тажикстандын аймагына кирип кеткен уйлар кайтарылды

28.03.2023 15:59
424
Баткенде Тажикстандын аймагына кирип кеткен уйлар кайтарылды


Баткенде  Тажикстан тарапка өтүп кеткен 5 бодо мал ээлерине кайтарылды.


Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын эки тургунунун жалпысынан 5 баш ири мүйүздүү малдары кароосуз жүрүп, Ганжак участкасы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Гулистан айылына  2023-жылдын 26-март күнү кирип кеткен. 


Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 28-март күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 5 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды. 


Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдү  жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алып, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн